Жунусбеков: Мени, Аспековду коррупционерлер каралап, четтетүүгө аракет кылууда — видео
28.12.2020 15:27
Мындай пикирин «Мегаком» компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков “Репортерго” билдирди.
Ал Мелис Аспеков экөө коррупционерлерге тоскоол болуп жаткан үчүн аларга каралоо жүргүзүп, четтетүүгө аракет кылып жатканын айтат.
Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү А. Мощин жарандык активист Мелис Аспеков менен “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанганы кабарланган.
Анда Аспеков менен Жунусбеков Садыр Жапаровдун шайлоо компаниясынын атынан билдирүүлөрдү жасап жатканы, мындай укук аларга берилбегени айтылган.
Буга жооп кылып Жунусбеков Жапаровдун штабында иштебегендигин, аны штабда иштейт деп маалымат таратышып, аны жана талапкерди каралоо аракеттери жүрүп жаткандыгынбилдирген.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.