“Кабарлар” маалыматтык агентигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова үй камагына чыкты.
Мындай чечимди кечээ, 24-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Ага ылайык, Үмүт Мукамбетова 23-апрелге чейин үй камагында болот.
Белгилей кетсек, 23-февралда УКМК Үмүт Мукамбетова 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган. Мекеме агенттиктин жетекчиси Жазык кодексинин 203-беренеси менен (“Опузалап талап кылуу”) шектелип жатканын маалымдаган.