Журналист Зулпукар Сапанов акталды

15.06.2023 | 12:28

Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга айыпталган журналист Зулпукар Сапанов акталды. Мындай  чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Белгилүу болгондой, Зулпукар Сапановго 2016-жылы чыгарган “Кыдыр санжырасы” аттуу китеби үчүн аталган берене боюнча айып тагылган.

Ал 2017-жылы 12-сентябрда Биринчи май райондук соту тарабынан күнөөлүү табылып, 4 жылга абакка кесилген. Ошол эле жылы 29-сентябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, Сапановду эки жылга шарттуу соттогон жана журналист камактан бошотулган.

2022-жылы июнда Жогорку сот мурнку өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Райондук сот быйыл 29-майдагы өкүмү менен Зулпукар Сапановду актаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top