Журналистке күч колдонгон адам милиция бөлүмүнө жеткирилди

Журналистке күч колдонгон адам милиция бөлүмүнө жеткирилди

Бишкектеги “Кайнар” ресторанынын алдынан “Kaktus.media” сайтынын кабарчысынын жумушуна тоскоолдук жаратып, ага күч колдонгон адамдын өздүгү такталып милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу аталган басылма Октябрь райондук милициясына таянып жазды.

“Издөө жана тактоо иштеринин жыйынтыгы менен 32 жаштагы Б.Ж. аттуу жаран райондук милицияга алынып келинген. Бул факты “Майда бейбаштык” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кабарчынын денесине залал келтирилгени боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө”, – деп айтылыт маалыматта.

Айта кетсек, жогорудагы ресторанда 11-июнь күнү экс-депутат Өмүрбек Бабанов апрель айында каза болгон эжесине куран окутканын депутат Алы Карашев биздин сайтка тастыктаган.

Kaktus.media басылмасынын журналисти Марат Уралиев окуяны түз эфирде чагылдырып жүргөңдө, белгисиз бир адам ага тосколлдук жараткан. Бул окуяга күбө болгон милиция кызматкерлери эч кандай чара көрбөй кетип калган.

Коронавируска байланыштуу Бишкекте 50дөн ашык адамга кызмат көрсөткөн ресторан-кафелердин иштөөсүнө тыюу салынган.

Бишкек шаардык мэриясы 11-июнь күнү “Кайнар” ресторанына 13 миң сом айып пул салган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>