Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Жууку ашуусунда мөңгү көчүп, куткаруучулар кетишти — видео
11.07.2022 | 08:46
Жууку ашуусуна куткаруучулар кетишти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-июль күнү ӨКМдин ыкчам нөөмөт тарабынан Жети-Өгүз районуна караштуу сырт өрөөнүнүн Жууку ашуусунда мөңгү ээрип кулады деген маалыма түшкөн.
Жерине Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер жана Жайыт комитети, ЖК кызматынан ыкчам топ чыгып, кординациялоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишти.
Болжол менен жерине чейин 100 чакырымды түзөт.
Буга чейин Жууку ашуусунда көчкү жүргөнүнө ошол жерде жүргөн туристтер күбө болуп, видеого тартып алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом