Жүзгө жакын салык кызматкери мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартылган

01.10.2025 | 16:40

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 100гө жакын салык кызматкери жеке ишкерлерди мыйзамсыз административдик жоопкерчиликке тарткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Чынарбек Аалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

“Башкы прокуратурада атайын башкармалык түзүлүп, иш алып барууда. 2025-жылдын алгачкы алты айында жалпысынан 222 прокурордук чара көрүү актысы чыгарылды. Анын негизинде 83 кызмат адамы тартиптик, 79 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле бир кылмыш иши козголду”, — деди Аалиев.

Прокурордун маалыматына караганда, бузуулардын бирдиктүү реестри боюнча жүргүзүлгөн мониторингде салык органдары 322 ишкерге мыйзамсыз айып пул салганы аныкталган.

“Анын натыйжасында 76 салык кызматкери Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 435-беренеси менен административдик жоопкерчиликке, 24 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды”, — деп кошумчалады ал.

Scroll to Top