Салык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айландыПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалдыКыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулатПрезиденттин тапшырмасы менен Камчыбек Ташиев Мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда калатСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисин дайындады
Жыл башынан бери кызамыктан 9 адам көз жумду
01.05.2025 | 11:11
Жыл башынан бери өлкө боюнча кызамык менен ооругандардын саны 6 миң 102ге жетип, 9 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кызамыктан көзө жумгандардын алтоо бир жашка чейинки ымыркайлар болгон. Алар жашы жетпегендиктен эмделген эмес.
Кызамык оорусу төмөнкү аймактарда катталган:
- Бишкек шаары — 3 791 учур;
- Ош шаары — 384 учур;
- Чүй облусу — 755 учур;
- Ош облусу — 478 учур;
- Талас облусу — 156 учур;
- Жалал-Абад облусу — 196 учур;
- Баткен облусу — 131 учур;
- Ысык-Көл облусу — 93 учур;
- Нарын облусу — 118 учур.
Министрлик ооругандардын 94%ы эмделбеген жарандар экендигин билдирди.
“Кызамык боюнча эпидемиялык кырдаалга жооп катары, өлкө боюнча 9 айдан 7 жашка чейинки 906 миңден ашуун балага эки этаптуу иммунизация жүргүзүлгөн. Бирок, карабастан, кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдөн баш тартуу деңгээли жогору бойдон калууда”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом