“Жылдын мыкты мугалими – 2024” республикалык сынактын баш байгесин ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, төмөндөгү катышуучулар мыкты аталды:
Баш байге: «Жылдын мыкты мугалими» — Каныбекова Назгүл Каныбековна
Мыкты башталгыч класстардын мугалими — Балтабаева Гүлнур Маматовна
Мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими – Рыскелдиева Атыркүл Зарлыковна
Мыкты орус тили жана адабияты мугалими – Алмаз кызы Мээрим
Мыкты математика мугалими – Жумукова Бүбүайша Жусуповна
Мыкты тарых мугалими – Заидов Азирет Манасович
Мыкты чет тил мугалими – Калтаева Чолпон Иманбековна
Мыкты география мугалими – Марат уулу Нуристан
«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалими – Көчкөнбаева Сайрагүл Амангелдиевна
Мыкты көркөм-сүрөт искусствосу мугалими – Байдалиев Мирзат Шаяхмедович
Иш-чара Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз