Жылмаюу жана бий: №33 автобустун «Жапайы айдоочусу» бишкектиктерге жагымдуу маанай тартуулайт
Коомдук транспорттун айдоочусу десе көз алдыбызга чарчаган, сүрдүү жана аз сүйлөгөн адам көз алдыбызга элестейт. Алмаз Тойчубаев ар күнү жумушка чыкканда бул стереотипти талкалайт. Рулдагы 15 жыл ичинде ал ачуулуу маршрутка айдоочусунан Бишкектин шайыр авто-блогерине чейинки жолду басып өттү. Анын автобусунда сылык жүргүнчүлөр момпосуй алышат, ал эми блогунда: «Бул кандай арстан!» деген комментарийлер жаайт.

Reporter.kg Алмаз менен жолугуп, Бишкектин тыгындарында кантип жайдары болууга мүмкүндүгүн, айдоочулар канча айлык аларын жана миллиондук аудитория эмнеге керектинине кызыкты.
Тажикстандан борборго, маршруткадан блогерликке
Алмаз 36 жашта. Ал Тажикстанда төрөлгөн, союз учурунла атасын ал жака шахтага иштөөгө жөнөтүшкөн. Кийинчерээк анын үй-бүлөсү Бишкекке кайтып келген.
Иштебеген жумушум калган жок дейт Алмаз жылмайуу менен. Мектепте окуп жүргөндө официант болуп иштедим. Кийин Москвада тышкы жарнама тармагында жүрдүм. Бирок 2011-жылы алгачкы жолу маршрутка айдап, ошол бойдон шаардыктарды ташып калдым.
Кызыгы, кичинекей кезинде «Ким болгуң келет?» деген суроого Алмаз: «Президент!» деп жооп берген. Классташтары муну түз маанисинде түшүнүшсө, ал компаниянын башчысы болууну, урмат-сыйга жана чоң акча табууну айткан экен. Бүгүнкү күндө ал өз максатына жетти десек болот: өзү айдаган автобуста ал кожоюн, ал эми таанымал болгондон кийин жүргүнчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланды.
Айдоочулар эмнеге «жапайы» атка конгон жана ага Европанын кандай тиешеси бар?
«Жапайы айдоочу» аталышындагы блог жөндөн-жөн пайда болгон эмес. Алмаз бир кезде Кыргызстанда айдоочулардын кадыр-баркы чындап эле түшүп кеткенин моюндайт.
—2000-жылдары жеке менчик ээлери көп эле, маршруткалар жарышып, мушташтар орун алчу. Бизди жактырышчу эмес. Азыр транспорттун 90%ы муниципалдык, бирок ошол терс пикир калып калган. Мен адамдарга биздин ички жашообузду көрсөткүм келди. Айдоочу болуу оор жана сыймыктуу кесип экенин түшүндүргүм келди.
Ал эргүүнү чет элдик кесиптештеринен алган.
— Мен Германия, Австралиянын блогерлерин көрүп көйгөйлөрүбүж окшош экенин түшүндүм. Бардык жерде жүргүнчүлөр арткы эшиктен чыккылары келбейт, балдар коляскасынын ордун унутуп коюшат жана видеонун үнүн катуу чыгарып көрүшөт. Мен мунун баарын тамаша менен айтып чыгууну чечтим.
Айлык жана иш графиги тууралуу: 100 миң сом алса болот, бирок шарты бар
Алмаз иш графигин курорт сыяктуу айтып берет: 15 күн иштейсиң, 15 күн эс аласың. Бирок жумуш убактысы таңкы 5тен түнкү ортосуна чейин, албетте тыныгуулар болот.
— Эгер штаттык режимде иштесең, айына 53 миң сомдун тегерегинде чыгат. Өкмөт берген убадасына турду, жашоого жетет. Бирок өзүңдү аябай, күнү-түнү иштесең, 100 миң сомго чейин тапса болот. Кимге акча аябай керек болсо, ошентип иштешет.
Бий — элге жетүүнүн жолу
Анын бийлеген видеолору миллиондогон көрүүлөрдү топтойт. Бирок Алмаз өмүрүндө бий менен алектенген эмес.
— Элдин көңүлүн буруу үчүн бийлегенди үйрөнүүгө туура келди. Адамдар телефонго байланып, күнүмдүк түйшүк менен алек. Чындыгында, сен жылмайып сүйлөсөң да, эч ким көңүл бурбайт. Ал эми телефон аркылуу бат кабыл алышат. Ошондуктан мен алардын смартфондоруна кирүү үчүн тренддерди өздөштүрүп жатам.
«Кракенди чакыргыла!» — деп чакырат Алмаз бир видеосунда. Ал өзүнүн автобусунун төбөсүндө бийлеген (жана жасалма интеллекттин жардамы менен автобус да кошо бийлеген), анткени бул кызыктуу. Ошондой эле ачылган жаңы таштанды заводунда бийлеген — анткени ал экологиялык мааниге ээ. Өзгөчө корей бийин бийлеген видеосу аябай тарап кетти. Андан кийин жүздөгөн бишкектиктер: «Аялдамада автобусумду күтүп жатам, а менин айдоочум болсо…» деген видеолорду жооп иретинде тартып башташты. «Алмаз байке аябай сонун адам», — деген пикирлер анын Инстаграм баракчасында толтура.
— Адамдар: «Бийлей берсин, биз күтуп турабыз», — деп жазышты. Албетте, мен тыныгуу учурунда тартам. Бирок мындай колдоо жан дүйнөнү жылытат.
Социалдык акциялар: кантип урушпай, достошуш керек?
Соцтармактардагы алгачкы тажрыйбасы терс болгон: Алмаз алдыңкы эшиктен түшүү маселеси боюнча жүргүнчү айым менен кайым айтыша кеткен. Комментаторлор аны катуу сынга алышкан.
— Бул мага катуу тийди жана мен тактиканы өзгөртүүнү чечтим. Жүргүнчүлөр накталай акча төлөгөндө талон алганды жактырышпайт. Бир куту «Альбени» таттуусун сатып алып, талон алгандарга бере баштадым. Адамдар алгач таң калышты, кийин жылмая башташты. Азыр бул менде салтка айланды, бирок күн сайын эмес. Өлкөдө майрам болсо, автобуста да майрам болушу керек. Мен куттуктоо каттараын, таттууларды берип, аны видеого тартам.
Пландары: Миллиондук аудитория жана адамдарга жардам берүү
Бир жолу Жаңы жыл алдында ал кызыл калпак кийип балдар үчүн автобуста чакан-балаты уюштурган. Ошондон кийин аны шаардыктардын жарымы тааныйт. Азыр Алмаздын эңсеген кыялы бар: ал өзүнүн аккаунтун 1 миллион катталуучуга чейин жеткирүүнү каалайт.
— Кыргызстанда блогерлер көп, бирок аудиториясынын жардамы менен адамдарга жардам бергендер аз. Акча тараткандар бар… Менин блогум да пайда алып келишин каалайм. Жөн эле күлкү үчүн эмес, маанилүү иштер үчүн.
Деталдар:
* Сүйүктүү реквизити: Сылык жүргүнчүлөр үчүн «Альбени» таттуу кутусу.
* Жумуш орду: 33-маршруттагы электробус.
* Урааны: «Айдоочу болуу — бир аз психолог жана бир аз артист болуу».
Алмаз Тойчубаев далилдегендей, күнүмдүк жашоодо да бийге, таттууларга жана жакшылыкка орун тапса болот. Эгер сиздин айдоочуңуз күтүүсүздөн бийлеп кирсе — ачууланууга шашылбаңыз, ал сөзсүз аялдамага өз убагында жетет. Балким, сиз жөн гана бул дүйнөнү жарык кылган «Жапайы айдоочуну» жолуктургандырсыз.
Маектешкен Яна Крайнюкова