Зулпукаров: «Биримдикте» “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес

Зулпукаров: «Биримдикте» “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес

“Биримдик” саясий партиясында “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес. Бул тууралуу 4-октябрда өткөн шайлоодо аталган партиядан талапкер болгон, парламент депутаты Төрөбай Зулпукаров Facebook баракчасына жазды.

Ал интернетте тарап жаткан “Биримдик партиясынан талапкер болгондор “бийликке келбей калдык берген акчаны кайрып бер” деп Залпукаровго талап коюшууда” делген маалыматтарды четке каккан.

 “Биринчиден, туура, шайлоо кампаниясы каржы маселесисиз өтпөйт. Бирок бизде шайлоо учурунда каржы маселесине аралашканга менде мүмкүнчүлүк дагы болгон эмес…Талапкерлер партиянын жалпы чыгымдарын төлөөдө ар бири өз мойнуна алган. Төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлүп, алардын отчету БШКга толук берилген. Экинчиден, биздин партиянын талапкерлеринин арасында “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес. Ар бир талапкер өзүнүн бөлүнүп берилген округдарында каржы маселесин да мойнуна алып, айрым жерлерде бири-бирине жардам беришкен. Менин жеке өзүмө “золотой мандат” үчүн деп бир дагы талапкер кайрылган эмес жана шайлоодон кийин каржы боюнча жаныма келип доомат да кылышкан жок”, – деп жазган ал.

Белгилей кестек, 4-октябрдагы шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктаган. Башаламандык болуп жаткан күндөрү БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>