Өкмөт башчы иш учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүнөн кабар алды

Өкмөт башчы иш учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүнөн кабар алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин ыкчам чара көрүү атайын отрядынын кесиптик даядоо бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын капитаны Төлөбек Исмаиловдун үй-бүлөсүнө барды. Төлөбек Исмаилов 2015-жылы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 жатак абагынан качкан соттолгондорду кармоо боюнча атайын операцияда каза болгон. Учурда анын жубайы Аида Ындысбекова үч баланы жалгыз тарбиялап жатат.

«Төрт жылдан ашык убакыт өттү, Төлөбектин баатырдыгы дагы эле эсибизде. Өлкө үчүн жанын берген чыныгы патриотубузду жоготтук. Биз анын эрдигин эч унутпайбыз. Анын жолун уланта турган балдарынын бар экени кубандырат. Алар өздөрүнүн балдарына, неберелерине Төлөбек Исмаиловдун баатырдыгы жөнүндө айтып жүрүшөт», — деди Абылгазиев.

Андан соң Өкмөт башчы 2014-жылы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 32 жатак абагынан качкан соттолгондорду кармоо боюнча атайын операцияда каза болгон Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө барды. Мухаммедкалый Абылгазиев маркумдун эки баласын асырап алган анын атасы менен маектешти. Мындан эки жыл мурда Бакай Сыдыгалиевдин жубайы Айнагүл Эгембердиева кырсыктан каза болуп, алардын балдары тоголок жетим калган. Премьер-министр көңүл айтып, үй-бүлөгө колдоо сөздөрүн айтты.

Премьер-министр мамлекет мекенге кызмат өтөп жатып каза болгондордун үй-бүлөлөрү көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбарын баса белгиледи. Ошондой эле аларга материалдык жардам берилди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>