Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
Адахан Мадумаров мандатынан айрылды
26.04.2024 | 17:03
Борбордук шайлоо комиссиясы Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты. Бул боюнча чечим бүгүн кабыл алынды.
Эл өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга БШКнын мүчөлөрү бир добуштан макул болушту.
Жыйынга катышкан прокуратуранын өкүлү Мадумаров кечээ соттун чечимин колуна алганын, даттанууга анын дагы 30 күн убакыты бар экенин айтты.
Белгилей кетсек, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана бийликтен аша чабуу айыбы менен күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген жок.
Мадумаров андан ары даттанбай, соттун өкүмүнө макул болсо, ал депутаттык мандатынан айрылат.
Саясатчы 2023-жылдын сентябрь айында кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом