Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
4 баладан тарта көп балалуу үй-бүлө катары тануу сунушталууда
26.04.2024 | 16:06
Үй-бүлө кодексине жаңы “көп балалуу үй-бүлө” түшүнүгүн киргизүү сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорду депутат Нуржигит Кадырбеков иштеп чыкты.
Ал Орусияда 3 балалуулар, кошуна өлкөлөрдө 4 балалуулар көп балалуу үй-бүлө болуп эсептелерин белгилейт.
Кыргызстанда Үй-бүлө кодексинде мындай норма жок. Социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзам боюнча 5 жана андан ашык баласы барлар көп балалуу үй-бүлө болуп саналат.
Депутат мындай үй-бүлөлөргө социалдык колдоо жана жеңилдиктерди берүүнү сунуштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом