ӨКМ: үч ай ичинде өрттүн саны 22,4 пайызга азайган

ӨКМ: үч ай ичинде өрттүн саны 22,4 пайызга азайган

Акыркы үч ай ичинде республика боюнча 629 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 811) өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 22,4% азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Үч ай ичинде өрттүн кесепетинен 7 адам каза таап (2019-жылы 20 адам), 9 адам жабыркаган (2019-жылы 20 адам — 55%га азайган). Өрттөн 17 адам куткарылган (2019-ж.  26 адам ).

Өрттөрдүн негизги себептери, отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан, электр жабдууларын жана мештерди,морлорду этиятсыздык менен колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан келип чыккан.

Катталган өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (178), Бишкек шаарында (110), Жалал-Абад областында (81), Ош облусунда (85), Ысык-Көл областында (71), Ош шаарында (16).

Жалпы 629 өрт кырсыктарынын  64,1 пайызы (403) турак жайларда катталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>