Өлкө башчы: Келерки жылы милиционерлерге 516 жаңы батирлер берилет

Өлкө башчы: Келерки жылы милиционерлерге 516 жаңы батирлер берилет

Менин милициям мени коргойт» деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — эң башкы милдет. Мындай пикирин бүгүн, 1-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук филармониясында өтүп жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айтты.

Өлкө башчы бүгүн Кыргыз милициясынын калыптанышына зор салымын кошкон ардагерлердин ысымдарын терең урматтоо менен эскерилип жатканын билдирди.

«Милициянын даңктуу тарыхында Эргеш Алиев, Афанасий Пчёлкин, Николай Москов, Жапар Шабиров, Владимир Ушаков сындуу атактуу инсандардын аты алтын тамгалар менен жазылып калды», — деп белгиледи Жээнбеков.

Мындан тышкары президент Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн республиканын бардык аймактарында көп кабаттуу турак-жайларды куруу иштери улантыла турганын кошумчалады.

«Келээрки жылы Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда жайгашкан алты үйдүн курулушу аяктайт. Милиционерлерге 516 жаңы батирлер берилет. Материалдык-техникалык база оңолот — оргтехника, атайын техника  менен камсыздоо жакшыртылат. 2020-жылдын 1-январынан тартып жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, өзгөчө ылдыйкы звенодогу кызматкерлердин айлыгы бир кыйла көбөйтүлөт. Ошону менен бирге, биз сиздерден өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган натыйжалуу жыйынтыктарды талап кылабыз», — деди өлкө башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>