«Өнөрүң болсо өргө чап». Республикалык масштабда обондуу ырларга сынак жарыяланды

«Өнөрүң болсо өргө чап». Республикалык масштабда обондуу ырларга сынак жарыяланды

Кыргызстанда обондуу ырларга сынак жарыяланды. Аталган сынакты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Композиторлор союзу менен биргеликте уюштурууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Сынактын максаты — патриоттук сезимди ойготуп, музыканын көркөмдүк деңгээлин көтөрүп, жаш таланттарга стимул берүү болуп саналат.

Талаптары:

ырдын темасы жана идеясы заманга үндөш болушу шарт;

улутка, мамлекетке болгон тематикалык ырларды ар тараптан ачып ырдап берүү керек;

текст менен музыканын шайкештиги;

музыкалык тилде оригиналдуу болушу зарыл;

музыкалык формалардын даана, так сакталышы шарт;

чыгарманын мазмуну, стили жана тематикасына чектөө коюлбайт.

“Буга чейин ырдалып чыккан жана кароо-сынактарга катышкан обондор сынакка катыша албайт. Ал эми авторлордун жаш курагы, улуту жана кесиби чектелбейт. Катышуучулар 30-сентябрга чейин чыгармаларынын ноталарын СD-дискке MP 3 форматында көчүрүп, министрликке жана Композиторлор союзуна жөнөтүшү керек”, — деп жазылат маалыматта.

Сынактын байге фондусу 420 миң сом. Талапкерлер эмгектерин kompozitory@mail.ru жана iskusstvo_art@mail.ru электрондук даректерине жиберсе болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>