Садыр Жапаров менен Нарендра Моди кыргыз-индус кызматташтыгын талкуулаштыСадыр Жапаров алгачкы жолу Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугуштуӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке сапар менен келдиКөчмөндөр оюндары: Журналисттер ачылыш аземинин алдында уюштуруучулук кыйынчылыктарга туш болуштуВице-президент Во Тхи Ань Суан: Кыргызстан — Вьетнамдын Борбордук Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшүТажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке сапар менен келди
Германияда кыргызстандык терроризмге айыпталууда
26.04.2024 | 09:46
Германияда кыргызстандык террордук уюмдун ишмердигине катышууга айыпталууда. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги ырастады.
Кыргыз жараны К.А. 2023-жылы жайында 5 тажик жана 1 түркмөн менен бирге кармалган. Алар 2022-жылга чейин Украинада жашап, андан кийин Европага чыгып кетишкен.
Ал жакта “Ислам Мамлекети” уюмунун мүчөлөрү менен кызматташып, Германияда теракт жасоону пландаштырып, курал сатып алуу аракетин көрүшкөн.
Учурда тергөө аяктап, шектүүлөргө айып тагылды. Иш Дюссельдорф шаарынын сотунда каралат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Кыргызстандын Германиядагы элчилиги кылмыш ишинин жүрүшүнө көз салып турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом