Мамлекеттик оорукананын жетекчисине менчик клиникада иштөөгө тыюу салынат

Мамлекеттик оорукананын жетекчисине менчик клиникада иштөөгө тыюу салынат

Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, жетекчи эки жакка иштеген учурда  кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келиши мүмкүн.

Мыйзам долбоор коррупциялык схемалардын пайда болуусун азайтууга, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жана саламаттык сактоо системасына коомчулуктун ишенимин жогорулатууга багытталганы белгиленет.

“Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилери көз карандысыз жана жеке клиникаларда иштөөдөн пайда табууга кызыкдар эмес, өз мекемесинин кызыкчылыгына берилген жарандар болушу керек. Мындай кош жумушка тыюу салуу медициналык мекемелердин көз карандысыздыгын жана кесипкөйлүгүн сактоого жардам берет”, — дейт депутаттар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>