Өкмөт биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алат — сүрөттөр

Өкмөт биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алат — сүрөттөр

Биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алуу керек. Мындай пикирин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барган учурда билдирди.

«Биз жакын арада буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жатабыз. Андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланат. Аларды 2021-жылдан баштап берүү пландалган. Бул көптөгөн маселелерди чечип, анын ичинде башка өлкөлөрдүн биздин паспортторго, жалпысынан республикабызга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат. Бүгүнкү күндө мекендештерибиз үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн визасын алуу барган сайын кыйынга турууда. Биз бул жагдайдан чыгып, паспорту ээси үчүн бүткүл дүйнөгө эшик ачкан өлкөлөрдүн бирине айланышыбыз керек. Бул үчүн эл аралык деңгээлдеги паспорттор кажет», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, республикада жалпы жарандык электрондук паспортторду берүү 2019-жылы башталмак. 2018-жылы 1,2 млрд сомго жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланган. Эң минималдык эмес сумма – 940 млн 150 миң сом сунуштаган — «Гарсу Пасаулис» литвалык компаниясы жеңүүчү катары таанылган. Немистик Muhlbauer ID Services «тендердин жүрүшүндө бузууларга жол берилгенин» билдирип, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, сотко берген.

Өкмөт башчы Калкты тейлөө борбору – 2нин ишинин бардык баскычтары менен таанышып, тейлөө кызматтары көрсөтүлүп жаткан жарандар менен маектешти.

Ал ошондой эле «Унаа» мамлекеттик ишканасына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Премьер-министр мамлекеттик мекемеге келгендер менен пикир алышып, алардын сунуштарын жана даттанууларын укту. Негизинен алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам түзүлгөн узун кезектерге тийиштүү.

[su_image_carousel source=»media: 21628,21629,21630,21631,21632,21633,21634″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>