•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Авариялык абалдагы учакты жерге кондурган учкуч «Эрдик» медалы менен сыйланды

Кыйын учурда кызматтык жана жарандык милдетин чечкиндүү аткарганы үчүн «Tez Jet» авиакомпаниясынын аба кемесинин командири Дмитрий Палашкин «Эрдик» медалы менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун бүгүн, 29-августта басма сөз кызматы билдирди.

Палашкин  өткөн жылы 1-мартта Бишкек—Баткен каттамындагы учак абага көтөрүлгөн соң кыймылдаткычы күйүп кеткен.  Мындан улам учак атка кайтып авариялык абалда «Манас» аэропортуна кайра конгон.

Учакта 96 жүргүнчү болгон,  бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *