Баткен жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды

Баткен жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды

Кечээ, 27-февралда саат 10:23тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө  Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Өтөк, Лангар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Ошол эле күнү саат 21:00дө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>