Баткенде бир жумада 29 мас айдоочу кармалган

Баткенде бир жумада 29 мас айдоочу кармалган

Өткөн жума ичинде Баткен облусунун аймагында мас абалында автоунаа башкарган 29 айдоочу кармалган.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын барына 17 миң сомдон айып пул жазылган.

Мындан сырткары 11 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарганы үчүн кармалган.

Жума ичинде облус аймагында эки жол кырсыгы катталып, бактыга жараша эч ким кааза болгон эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>