Бишкек — Ош жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды

Бишкек — Ош жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды

Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, унаа каттамы жанданды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

21-декабрь күнү кечинде жолдун Жайыл районундагы аймагына эки миң метр кубдан ашуун кар көчкү түшкөн. Аны тазалоого Транспорт министрлигине караштуу Бишкек-Ош жолу дирекциясынан 4 техника тартылган. Кар көчкүдөн эч ким жабыркаган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаап өткөн кардан улам кар көчкү коркунучу бар экенин айтып, айдоочуларга этият болууну жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>