Бишкекте аялдардын тилектештик жүрүшүнө келгендерди милиция кармап кетти — сүрөт

Бишкекте аялдардын тилектештик жүрүшүнө келгендерди милиция кармап кетти — сүрөт

Аялдардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар менен акцияга чыккандарды милиция кармап кетти.

Алар саат 12:00дө Бишкектеги Жеңиш аянтына чогулуп, «Аялдардын шериктештик маршы» деген аталышта жөө жүрүш өткөрүшмөк.

Адегенде жыйырмага жакын белгисиз адамдар келип акциянын уюштуруучуларынын баракчаларын айрып, чыр чыгарышты. Андан соң милиция жүрүшкө келгендерди кармап Свердлов райондук милициясына алып кетти.

Былтыр 8-мартта биринчи жолу Бишкекте өткөн “аялдардын тилектештик жүрүшүнө” ЛГБТ өкүлдөрү да катышкан. Мындан улам бул жүрүш коомдо катуу талкууга алынып, иш-чаранын уюштуруучуларына коркутуулар дагы болгон.

Ал эми быйыл аталган жүрүштү болтурбоо үчүн Биринчи май райондук администрациясы сотко кайрылган.

[su_image_carousel source=»media: 22697,22698,22699,22700,22701,22702,22703″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>