Мадумаров: Соттун өкүмүнө даттанууга убакыт бар (видео)

Мадумаров: Соттун өкүмүнө даттанууга убакыт бар (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров абактан чыкты. Аны УКМКнын алдынан тарапташтары тосуп алышты.

Саясатчы райондук соттун чечими менен макул эместигин билдирип, ага каршы иш мандатынан айрылтуу үчүн козголгонун белгиледи.

«Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин бир айдын ичинде даттанууга болот. Мен бүгүн чыгып жатам. Бизде дагы убакыт бар», — деп айтты ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, мандатка байланыштуу маселе көпчүлүк добуш менен чечилет.

«Конституцияда соттун өкүмү депутаттын мандатын карап чыгууга негиз болору айтылат. Чечим келгенде Боршайком аны көпчүлүк добуш менен чечет. Адахан Мадумаров өкүмгө даттанарын айтты», — деп түшүндүрдү ал  Reporter.kg’ге. 

Белгилей кетсек, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана бийликтен аша чабуу  айыбы менен күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген жок.

Мадумаров андан ары даттанбай, соттун өкүмүнө макул болсо, ал депутаттык мандатынан айрылат.

Саясатчы 2023-жылдын сентябрь айында кармалган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>