Казакстанда журналист «Азаттыкты» колдогон посту үчүн кармалды

Казакстанда журналист «Азаттыкты» колдогон посту үчүн кармалды

24-апрелде Алматыда ProTenge долбоорунун автору, журналист Жамийла Маричева кармалган. Полиция кызматкерлери аны Бостандык райондук башкармалыгына алып барышкан.

Маричеванын айтымында, ал кечинде чуркоо учурунда кармалган.

Ал полиция бөлүмүндө бир сааттай кармалган. Журналист январда аккредитация ала албай жаткан “Азаттыктын” казак кызматын колдоп, ProTenge баракчасына пост жарыялаганына байланыштуу кармалганы айтылган. Полициячылар административдик иш сотко өткөрүн кабарлашкан.

«Мен эртең юристтен иштин чоо-жайын тактап алайын деп жатам. Мен эч кандай документке кол койгон эмесмин [полиция башкармалыгында]», — деди журналист.

Бостандык райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү “Азаттыкка” Маричева ал жакка жеткирилбегенин маалымдады.

ProTenge — журналист Жамийла Маричеванын долбоору. Анда тендерлер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын жарыяланып турат.

Быйыл январь айында Казакстандын тышкы саясат мекемеси «Азаттык» радиосунун казак кызматынын 36 кабарчысына аккредитация берүүдөн баш тарткан. Алардын айрымдарынын катталган мөөнөтү 2022-жылдын соңунан бери узартылбай жаткан. «Азаттык» буга байланыштуу сотко кайрылган. Бир нече күн мурун «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясы Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен «Азаттык» радиосунун казак кызматынын журналисттерине бул өлкөдө иштөөсүнө уруксат берүү (аккредитация) маселесине байланыштуу медиациялык келишимге жетишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>