Бишкекте мектептин жанынан карышкыр кармалды — видео

Бишкекте мектептин жанынан карышкыр кармалды — видео

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкектеги №41 орто мектептин жанынан карышкыр кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,  Республика көчөсүндөгү мектептин айланасында карышкыр жүргөндүгү тууралуу «102» аркылуу  маалымат түшкөн.

“Милициянын кайгуул кызматынын ыкчам-тобу аталган жайга барып, карышкырды кармашкан. Жапайы жырткыч мамлекеттик экология техникалык инспекциясына өткөрүп берилет”, —  деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>