Чүйдө чабандын өлүмүнө шектелип 23 жаштагы жигит кармалды

Чүйдө чабандын өлүмүнө шектелип 23 жаштагы жигит кармалды

Суусамырда чабанды өлтүрүп сөөгүн унаанын дөңгөлөгүнүн астына катып койгон адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 18-октябрь күнү Жайыл райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү келген.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери барып, бадалдын арасынан адамдын жансыз денесин табышкан. Маркумдун өздүгү такталып ал бодо мал баккан чабан 37 жаштагы К.К., аттуу чабан экени аныкталган. Маркумдун денесине кароо өткөрүүдө күч колдонуу менен өлтүрүлгөндүгү байкалган.  

Бул клмышка шектелип, 23 жаштагы Р.Б. аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ыйлыйык, алар спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен. Шектүү маркумду сабап, андан соң буту колун байлап, оозуна чүпөрөк салып койгон. Ал эми жансыз денени унаанын дөңгөлөгүнүн астына катып, өзү качып кеткен.

Бул факты Жазык кодексиндеги “Киши өлтүрүү” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Шектүү тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>