Депутат Казакбаев: Биздеги алтын аралашмалары Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек

Депутат Казакбаев: Биздеги алтын аралашмалары Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек

Биздеги алтын аралашмалары Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.

Жыйында салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова алтындын чет жакка чыгарылышы тууралуу маалымат берди.

«Алтын камтылган аралашманы четке чыгарып жаткан «Vertex Gold Company» компаниясы 2016-жылы 79 млн сом, 2017-жылы 149 млн сом, 2018-жылы 107 млн сом, 2019-жылы 284 млн сом салык төлөгөн, салыктын өсүшүн негизинен роялти түзөт», — деди ал.

Депутат Руслан Казакбаев алтын аралашмалары Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек экенин баса белгиледи.

«Өкмөт, ага караштуу органдар ушул багытта аракет жасашы зарыл. Алтын аралашмаларын чет өлкөлөргө чыгарып жаткан компаниялардын салыктык төлөмдөрү жаатындагы материалдардын баарын топтоп, талдоолорду жүргүзүп туруу керек», — деп кошумчалады ал.

Аталган комитет жыйынында “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>