Депутат Маматалиев: Сосновка пунктунда 20 миң машина салмагы ашык деп катталып, анын 275 гана протокол түзүлүптүр

Депутат Маматалиев: Сосновка пунктунда 20 миң машина салмагы ашык деп катталып, анын 275 гана протокол түзүлүптүр

Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд доллардан ашык. Алган карыздын жарымын жолдордун оңдоого сарптадык. Мисалы, Бишкек-Ош жолун курулаары менен бузуп алдык. Жолдорду бузбоо үчүн Кыргызстандын ар бир аймагына таразаларды орноттук эле. Бул таразаларды колдонуу өз максатына жетпей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Марлен Маматалиев билдирди

Марлен Маматалиев жаңы курулган жолдорду максаттуу колдонулбай жатканын айтты.

«Жүк ташуучу унаалар салмагы оор бойдон ар кандай коррупциялык жолдор менен өтүп жатат. Мен атайын Сосновка пунктуна барып видеого тартып келдим. Ал жакта 20 миң машина салмагы ашык деп катталса, анын 275 гана протокол түзүлүптүр. Мен жолдорду бузбоо үчүн мыйзам иштеп чыктым. Учурда Өкмөткө жолдодум. Мыйзамдын максаты – ал жакта киши чечпей, автоматташтырылган жабдыктар коюлат. Муну ишке киргизсек, келечекте жаңы курулган жолдор талкаланбайт», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>