Депутат Жээнчороев: Өкмөт контрабандалык күйүүчү май көйгөйүн чече албаса отставкага кетсин

Депутат Жээнчороев: Өкмөт контрабандалык күйүүчү май көйгөйүн чече албаса отставкага кетсин

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйыны өтүүдө. Жыйында Өкмөттүн ЕАЭБ алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалыматы угулуп жатат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргенден кийин ар кандай көмүскө жолдор аркылуу контрабандалык товарлар биримдиктин аймагына жайылтыла баштаганын билдирди.

«Коррупция өлкөнүн экономикасына чоң зыян келтирүүдө. Азыркы учурда «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Чоң-Капка» сыяктуу өткөрмө жайларда атайлаштырылган товарларды эсепке алуу жабдуулары орнотулуп, эл аралык жолдордо автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмөл тутумдары курулуп жатат», — деди ал.

Депутат Мирлан Жээнчороев контрабандалык жосундардан улам Кыргызстан менен Казакстандагы күйүүчү майдын баасындагы айырма дагы эле 10 сом бойдон калып жатканын эске салып, өкмөт башчы бул маселени эки жылдан бери чече албай келе жатканын айтты.

«Алар кепилдик сурап жатат, биз анын бере албай жатабыз. Бул көйгөй эки тараптуу келишим түзүлмөйүнчө биржаңсыл чечилиши кыйын. Эгерде Өкмөт күйүүчү май боюнча маселени чече албаса, анда отставкага кетиши керек», — деп сынга алды.

Экономика министри бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, азыр эки тарап бир пикирге келгенин, келишим ратификациялануу алдында турганын маалымдады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>