УКМК баасы 127,6 млн сомдук 12 батир мамлекетке өткөрүлүп алынганын билдирди

УКМК баасы 127,6 млн сомдук 12 батир мамлекетке өткөрүлүп алынганын билдирди

Бишкекте баасы 127,6 млн сом болгон 12 батир мамлекетке өткөрүлүп алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2006-жылы Бишкектин башкы планынын авторлорунун бири А.А. мэриянын жана «Кадастр» мекемесинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жасалма токтомдун негизинде 12-кичирайондон 20 сотых жерди өзүнүн жакын туугандарына, тааныш-билиштерине бөлдүртүп алган. Бирок ал жер үйгө муктаж болгон жарандарга берилиши керек болгон.

Кийинчерээк ал жерди пайдалануу укугу «П» курулуш компаниясына өткөрүлүп берилген. Учурда компания аталган жерге 12 кабаттуу үй курууда.

Жерди мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда 12 кабат үйдү куруп жаткан компания мэрияын карамагына баасы 127 млн 681 миң сомду түзгөн 12 батирди өткөрүп берди. Ал батирлердин жалпы аянты 996,18 чарчы метрди түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>