Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп куруп берет

Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп куруп берет

Кыргызстан Азербайжанга мектеп куруп берет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 25-апрелде президент Садыр Жапаров менен президент Илхам Алиев Азербайжандын Хыдырлы айылында мектептин пайдубалына капсула салды. Мектеп Азербайжандын элине Кыргызстандын элинин белеги катары курулат.

Мектеп эки кабаттуу болуп салынып, анда 20 окуу кабинети болот. Андан тышкары спорттук, жыйындар залы, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык кабинеттери болот. Мектептин аймагында спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.

Президенттин маалыматы кызматы мектепти курууга канча каражат бөлүнөрү тууралуу маалымат берген жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>