Дордой базарынан 1200 долларлык шубаны уурдап кеткен аял колго түштү

Дордой базарынан 1200 долларлык шубаны уурдап кеткен аял колго түштү

Бишкектеги “Дордой” базарынан норка шубаны белгисиз аял уурдап кеткени тууралуу 18-ноябрда Элдик Медиага сатуучу кайрылган. Издөөнүн жыйынтыгында Бишкек ШИИББ шубаны уурдап кеткен аялды колго түшүргөн. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн маалымат кызматы билдирди.

Бул факт “уурулук” беренеси менен катталып, 84 миң сомдук шубаны уурдаган 1975-жылы туулган Э.Ф. аттуу шектүү кармалды. Ал милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүүнүн башка дагы иштерге байланышы жоктугу текшерилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>