Эмил Жураев: “Ата-Мекендеги” ажырым парламенттик шайлоого байланыштуу

Эмил Жураев: “Ата-Мекендеги” ажырым парламенттик шайлоого байланыштуу

Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан кетип, мандатын тапшырышына алдыдагы шайлоого карата пикир келишпестиктер себеп болду. Мындай пикирди саясат таануучу Эмил Жураев Reporter.kg`ге билдирди.

Саясат таануучу бул жаңылык ал үчүн күтүүсүз болгонун жашырган жок.

“Текебаев 2020-жылкы парламенттик шайлоого камдануу аракетинде жүрөт. Бирок Шыкмаматов баш болгон партиядан чыккан мүчөлөр Текебаев менен кээ бир нерселерде макул эмес болсо керек. Мүмкүн Текебаев кайсы бир ппртия менен биригебиз деди, беркилер макул болгон жок. Бирок партиялар менен биригүү маселесинде мындай кескин түрдө ажырым жаралмак эмес. Бул жерде бири-бирине карата катуу сөздөр айтылган го”, — деди Жураев.

Белгилей кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Алмамбет Шыкмаматовдун өзү берген арызына ылайык, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту. Шыкмаматовдун партиянын катарынын чыгышына Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей калганы себеп болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>