Эсиңиздердеби Японияда кафе ачкан кыргызстандык Асел? Ал алгачкы кирешесин тапты — сүрөттөр

Эсиңиздердеби Японияда кафе ачкан кыргызстандык Асел? Ал алгачкы кирешесин тапты — сүрөттөр

Японияда кафе ачкан кыргызстандык Асел Минагава алгачкы кирешесин тапты. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

Асел Минагава эки айдан кийин 10 доллар киреше көргөнүн билдирди.

«Биринчи жолу ушу ишембиде 10$ киреше таптым. Кардарларым абдан көп болгондуктан орундуктарга да батпай калышты. Мен алар менен сүйлөшүп, жагымдуу маанайда болдум», — деп жазган ал.

[su_image_carousel source=»media: 19186,19185″]

Белгилей кетсек, Асел Минагва жолдошу экөө өткөн жылдын 29- ноябрында кафе ачкан. Жубайлар ресторан ачуу үчүн бардык күчүн жумшашкан. Алар ачылыш аземге даярданып жаткан учурду социалдык тармакка жарыялашып, «ачылышына келгиле» деген билдирүүлөрү менен бөлүшүп турушкан. Бирок алардын ресторанынын ачылышына эч ким келген эместигин айтып, Асел көзүнө жаш алган. Аселдин ыйлап жатканын жолдошу тартып алган. Ал видеосу социалдык тармакка тарап, катталуучулардын колдоосун алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>