Евразия экономикалык комиссия Кыргызстанга бажы алымын 1,90% белгиледи

Евразия экономикалык комиссия Кыргызстанга бажы алымын 1,90% белгиледи

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК)  Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында ички рыноктун иштеши, бажылык жөнгө салуу, өнөр жай, соода тармагындагы кызматташтык жана өз ара соода жүгүртүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле эл аралык ишмердүүлүк маселелери каралды.

Жыйындын катышуучулары ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн бюджеттеринин ортосундагы бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүнүн ченемдери маселелерин талкуулашты.

Кыргызстан үчүн бөлүштүрүү үлүшү 1,90% өлчөмүндө деп белгиленген, Армения үчүн 1, 22% өлчөмүндө,  ал эми калган үч мүчө мамлекеттин ченемдери алдыда боло турчу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталаары тууралуу маалыматтар айтылды.

Жыйында ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү, 2018-жылдын 17-майында Астана экономикалык форумунун аянтчасында бир жагынан Евразия экономикалык биримдиги менен ага мүчө-мамлекеттердин, экинчи тарабынан ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө бекитилген Макулдашуу күчүнө киргендиги тууралуу Евразия экономикалык өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөөлөрүнүн билдирүү долбоорун жактырды.

Мындан тышкары жыйында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин үчүнчү өлкөлөр, аймактык интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен  кызматташууну, экономикалык кызыкчылыктардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү максатында иштелип чыккан «Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдарга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө»  Чечиминин долбоору жактырылды.

Кеңештин мүчөлөрү 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында (Армения Республикасында) өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки жыйынын күн тартибин жактырышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>