ИИМ: Батукаевдин иши боюнча тергөө аяктап, кылмышка шектүүлөргө айыбы угузулуп жатат

ИИМ: Батукаевдин иши боюнча тергөө аяктап, кылмышка шектүүлөргө айыбы угузулуп жатат

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады.  Бул тууралуу ИИМдин басма  сөз кызматы билдирүү таратты.

[su_quote]Учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда. Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип  аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.[/su_quote]

Белгилей кетсек, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон ишке мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон  19 адам шектелип жатат.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>