ИИМ четке какканына карабай Мамбеталиевдин аскерлерге унаа берген видеосу тарап кетти (видео)

ИИМ четке какканына карабай Мамбеталиевдин аскерлерге унаа берген видеосу тарап кетти (видео)

Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен облусундагы күч органдарынын кызматкерлерине эки унаа тапшырып жаткан учурдун видеосу тарап кетти.

Аны журналист Тынчтык Алтымышев Фейсбуктагы баракчасына жүктөгөн. Андагы видеодон Мамбеталиев аскер кийимчен жана милициянын формасын кийген адамдар менен сүрөткө түшүп жана аларга унаанын ачкычын белек кылып жатканын көрүүгө болот.

Такталбаган маалыматка караганда Эркин Мамбеталиев унааларды ИИМдин Баткендеги ички аскер бөлүгүнө берген.

Буга чейин бир нече басылмалар Эркин Мамбеталиев Баткендеги күч органдарына эки жип белек кылгындагы тууралуу жазып чыгышкан.

Бирок ИИМдин басма сөз кызматы муну четке кагып, Мамбеталиев жип үлгүсүндөгү эки унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн ага милиция кызматкерлери айып пул салып кайра унааларды ээсине кайтарганын айткан.

Эркин Мамбеталиев  2004-жылы милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен камакка алынган. 

2005-жылы март ыңкылабынан кийин (Атамбаевдин кийлигишүүсү менен деп айтылып келет — ред.) акталып чыккан. 2006-жылы ошол кездеги ЖК депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө катыштыгы бар деп кайрадан камалган. Сот аны бир нече адамды өлтүрүүгө аралашкан деп  2008-жылы өмүр бою экркинен ажыраткан.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Мамбеталиев түрмөдөн чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>