ИИМ: Митингдин уюштуруучулары тартип бузулганы үчүн жооп берет

ИИМ: Митингдин уюштуруучулары тартип бузулганы үчүн жооп берет

2-мартта Бишкекте тартип бузулуп, таш ыргытылып, автоунаалар, мекеме ишканалар жабыркады. Бул үчүн түздөн-түз митингдин уюштуруучулары жооп берет. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов журналисттерге билдирди.

«Митингде чагым болгону үчүн да алар жооп беришет. Мындан тышкары келтирилген чыгымдардын баарын уюштуруучулар төлөп беришет. Ушул тапта Бишкекте абал туруктуу. Биз ыкчам аракеттерди жүргүзүп жатабыз, чагым кылгандарды аныктап, тактап, тиешелүү чараларды көрөбүз. Түрдүү чагымдар айтылды, Акүйдү басып алабыз, бийликти тартып алабыз деген чакырыктар айтылды. Митингдин катышуучулары аларды башкара албай калышты», — деди Сеитов.

Ал митингичилерди кууп таркатуу учурунда кармалгандардын так саны, митингичилер менен милиция кызматкерлеринен жаракат алгандар, тараптардын бири-бирине таш ыргытуулары тууралуу так маалымат берген жок.

«2-мартта тынч митингди өткөрүүгө саат 13:00дөн 17:00гө чейин гана уруксат берилген» деп билдирди Сейитов. Анын айтымында бул митингге 800 чамалуу киши катышты. Буга чейин байкоочулар жана митингдин катышуучулары аянтка 3 миңден 5 миңге чейин киши чогулганын айтышкан.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>