ИИМ: Түндө коменданттык саат талабын бузуп 78 адам кармалды

ИИМ: Түндө коменданттык саат талабын бузуп 78 адам кармалды

6-апрелге караган түнү өзгөчө абал киргизилген аймактарда коммендаттык сааттын талаптарын бузган 78 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Кармалгандардын 66сы  Бишкек шаарына туура келет. Ош шаары боюнча 2, Жалал-Абад шаары боюнча 6, Сузак районунда 2 жана Кара-Суу районунда 2 адам кармалып, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Тартип бузгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.

“Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамга ылайык,  тартипти бузгандыгы үчүн кармлаган адамдар коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат.

25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында комендаттык сааттын талаптарын бузуп, 1 944 адам кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>