Изделип жаткан ага-инилердин биринин сөөгү өлүкканадан табылды — сүрөттөр

Изделип жаткан ага-инилердин биринин сөөгү өлүкканадан табылды — сүрөттөр

Изделип жаткан ага-инилердин бири Кубат Асановдун сөөгү өлүкканадан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жансыз денеге кароо жүргүзүп жатышат. Ал эми туугандары аны таанышкан.

50 жаштагы Канат жана 46 жаштагы Кубат Асановдор бир туугандар. 9-январда Канат үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал эми агасынын артынан издейм деп чыккан Кубат дайынсыз жоголгон.

Учурда Канат Асановдун жүргөн жери белгисиз болууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>