Күндүн эң орчундуу кабарларын окуйм десеңиз тизме бул жакта

Күндүн эң орчундуу кабарларын окуйм десеңиз тизме бул жакта

— 8-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды.

— Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган жалпы 270 учур катталды.

— Өлкө боюнча стационарлардан жалпы 25 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйүнө чыгарылды.

 -Обсервацияда бүгүнкү күндө 1097 адам жатат, ал эми үй карантинине 439 адам жайгаштырылган.

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 32 медицина кызматкери коронавирусун жуктурган.

— Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы дезинфекциялоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн убактылуу жабылат.

— Республикада ӨКМ кызматкерлери тарабынан жер-жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

— Бүгүн 8-апрелде республикабыздын бардык региондорунда окуу башталды.

— Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо борбору 4-11-класстардын оокучуларынын жетишкендиктерин баалоо үчүн какомплекстүү тесттерди иштеп чыкты.

— Учурда өлкөдө 2 счет ачылган:

1) Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында счетко- 6 млн 484 миң сом түштү.

2) Финансы министрлигинин астында атайын депозиттик счетко- 103 млн сом  түштү.

— Коммуналдык төлөө мөөнөтү 3 айга узартылат. Төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн туум эсептелбейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>