Казакстанда жүргүнчү поезддер токтотулду

Казакстанда жүргүнчү поезддер токтотулду

Казакстан ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган поезддердин каттамы толугу менен токтоду. Бул тууралуу “Жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясы билдирди.

Компаниянын кабарлашынча, алдын ала билет сатып алган жарандар алты ай ичинде акчаларын айып пул төлөбөстөн кайтарып алса болот. 12-марттан бери 590 миң билет кайтарылган.

Казакстанда коронавируска байланыштуу 16-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген.

22-мартта Нур-Султан менен Алматы шаарлары темир жол жана автобус каттамдарын кабыл алууну токтоткон.

Казакстанда 3-апрель эртең менен коронавирус жуктургандардын саны 435ке жетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги 27 киши айыгып чыкканын, үч киши көз жумганын кабарлаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>