Казакстандын президенти Кордайдагы жаңжал боюнча: Күнөөлүүлөр улутуна карабай жазаланышы керек

Казакстандын президенти Кордайдагы жаңжал боюнча: Күнөөлүүлөр улутуна карабай жазаланышы керек

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кордайда 11 кишинин өлүмүнө алып келген улут аралык кагылышуунун келип чыгуу себебин айтып, күнөөлүүлөрдү кайсы улуттан экенине карабай жоопко тартышы керек экенин билдирди. Ал мындай билдирүүсүн 1-мартта Жамбылдагы Каракемер айлынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.

Токаев жаңжал аткезчилик менен алектенген эки кылмыштуу топтун бизнес талашынан улам келип чыкканын билдирди.

«Бул аймакта мыйзамсыз ишкерлик кылгандар бар экени белгилүү. Ал бизнеске башка топтор кошулууну көздөшкөн. Тактап айтканда, мыйзамсыз кирешелерге көзөмөл жүргүзүүнү каалаган эки кылмыштуу топтун арасында жаңжал чыккан», — деп билдирди казак башчысы.

Камсым-Жомарт Токаев коомчулукту улут аралык биримикке чакырып, бөлүнүүгө жол бербөө зарылдыгын эскертип, Кордайдагы жаңжал өлкөнүн кадыр-баркына доо кетиргенин, бул окуя сабак болушу керектигин белгиледи.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 11 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. 30дан көп турак жай, 15 соода түйүнү, 23 машине талкаланган же өрттөнгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>