Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамкомиссия өкмөт үйүнө кезектеги жыйынга чогулду

Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамкомиссия өкмөт үйүнө кезектеги жыйынга чогулду

Бүгүн, 23-сентябрда Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия өкмөт үйүнө кезектеги жыйынга чогулду.

Бүгүнкү жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова көрсөтмө берүү үчүн чакырылган. Андан сырткары, Аскер прокуратурасынын да маалыматы угулары айтылууда.

Комиссиянын буга чейинки жыйыны Жогорку Кеңеште өткөн. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын экс-жетекчиси Турусбек Коёналиев, ички иштер министринин орун басарлары Памирбек Асанов менен Алмазбек Орозалиев көрсөтмө берген.

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>