Кыргыз Өкмөтү Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүнү көздөп жатат

Кыргыз Өкмөтү Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүнү көздөп жатат

Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты жеке инвесторлорго өткөрүп берүүнү көздөп жатат. Өзбек банктары менен Ташкент механикалык заводу буга каршы чыгууда. Бул тууралуу Podrobno.uz порталы кабарлады.

Өзбек ишканаларынын билдирүүсүнө ылайык, Өзбекстандык Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн  банкы «Рохат-НБУ» пансионатынын ээси жана башкаруучусу болгон, «Асака» банкы «Дилром» пансионатын, «Узпромстройбанк» «Бустон» пансионатын, ал эми Ташкент механикалык заводу «Золотые пески» пансионатынын ээси болуп келген.

«2016-жылдын апрелинде ушул эле пансионаттар Кыргыз Республикасы тарабынан Өзбекстан Республикасынын чарбалык субьекттеринен конфискацияланган»,- деп айтылат маалыматта.

Ишканалар пансионаттардын сатылышына караманча каршы экендигин айтып, пансионаттын ээлеринин инвестицияларын тартып алгандыгы үчүн Кыргызстанды компенсация төлөтүү боюнча арбитраждык териштирүү аягына чыга элегин билдиришкен. Жараян Инвестициялык чырларды жөнгө салуу эл аралык борборунун кошумча эрежелерине ылайык 2016-жылдын июль айынан бери жүрүп келет.

2019-жылдын 1-майында Арбитраждык трибунал ишти өзбек тараптын пайдасына чечип берип, чыгарган чечимин тастыктагандыгы айтылат. Азыркы учурда арызды маани-маазмуну боюнча кароого даярдыктар жүрүп жатат.

Өзбек тарап өз позициясын карманып, КРга каршы инвестицияларды мыйзамсыз конфискациялоо жөнүндө эл аралык арбитраждык териштирүүнүн алкагында баардык укуктарды жана каражаттарды колдонуу укукгун сактап калат, деп билдиришти ата-мекендик ишканалар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>