Кыргыз-Казак чек арасында массалык мушташ болду — видео

Кыргыз-Казак чек арасында массалык мушташ болду — видео

7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Масанчи айылында массалык мушташ орун алып, ок атышуу болду. Казакстандын укук коргоо кызматкерлери тарабынан чыр токтотулуп, окуя көзөмөлгө алынды. Бул факты боюнча «бейбаштык» беренеси менен тергөө иштери башталды. Учурда жаңжалдын катышуучулары ким экендиги аныкталып жатат.

Жамбыл облусунун Кордай районундагы жаңжалга байланыштуу Казакстан менен чектешкен бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>