Кыргыз-Кытай чек арасы качан ачылат?

Кыргыз-Кытай чек арасы качан ачылат?

Кытайдагы коронавируска байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы качан ачылары белгисиз. Чек аранын ачылышы коронавирустун басаңдашына жараша болот. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Кытайдагы коронавируска байланыштуу чек аранын жабылышы кыргыз экономикасына бир топ таасирин тийгизип жатат. Анткени Бишкектеги «Дордой», «Жунхай», «Мадина» базарларында товарлардын запасы түгөнүп, баа көтөрүлүп жатканын соодагерлер айтышууда.

«Жунхайда дээрлик товарлар Кытайдан келет. Учурда күнүмдүк колдонулуучу каражаттар түгөнүп, баа 5 сомдон 20 сомго чейин кымбаттоодо. Кытайлардын жаңы жылына карата жыл сайын чек ара жабылып, кайра ачылганга чейин товарларды запастап алабыз. Ал запастарыбыз дагы түгөнүүдө. Жакын арада чек ара ачылбаса баа дагы өсүшү мүмкүн. Кээ бир ишкерлердин товарлары жок калып, контейлерлерин жаап үйлөрүнө кетишүүдө», — дешти соодагерлер.

Кытай менен чек ара январдын аягында жаңы жылдык майрамга карата жабылган. Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматы эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттер Кытайда вируска байланыштуу абал турукташмайынча ачылбай турганын билдирген.

Кыргызстан жылына 13 миңге жакын чет элдик жаранга өлкө ичинде иштөөгө квота берсе, анын 85% кытай жарандары колдонушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>