Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Анда эки мамлекеттин такталбаган участоктордун сызыгын чийүүнү тездетүү боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

 Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар мамлекеттик чек аранын сызыгын жумушчу түрдө чийишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

 Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым мамлекеттик чек ара участокторун биргелешип талаада текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өттү.

 Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында пландаштырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>